Оштун жаш футболчулары Туркияда мыкты оюн көрсөтүштү. Сүрөттөр

 

Ош шаарынын Момунов атындагы футбол академиясынын 10 жаштагы балдары Туркиядагы эл аралык турнирде Кыргызстандын намысын коргоп келишти.

Жаш футболчуларды бүгүн эрте менен саат 6: 30да аэропорттон жакындары күтүп алышты. Оюн Анталия шаарында өтүп, кыргызстандыктар  36 команданын ичинен 8-чи орунду алышкан. Бул алардын эл аралык турнирдеги биринчи жолку ийгилиги болду.

Аталган мелдешке Кыргызстандын атынан Ош шаарындагы Момунов атындагы академиясынан гана бир команда барган.

Турнирде Туркиянын «Besiktas» жана «Alanyaspor» аттуу күчтүү командалары оюн көрсөткөн. Эл аралык футбол боюнча 1-орунду алган команда «Galatasaray » менен биздин команда да беттешип, алардын дарбазасына гол киргизип жакшы оюн көрсөтүшкөн. Аталган команда Туркиянын атынан Европада чоң оюндарда беттешип келет.

 

 

 

 

Автор Даяна Данияр кызы 47 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*