Быйыл Ош МУнун мугалими студенттерге 1 миллион сомго жакын стипендия берет

ОшМУнун “Атуулдук стипендиясы” быйылкы окуу жылында 10 студентке тапшырылмакчы. 

Талапкерлер конкурстук негизде тандалат. Мыкты студенттер  төрт критерийге жооп бериши керек. Жеңүүчүлөргө бир жылга чейин ай сайын 7000 сомдон стипендия берилет.

Конкурстун биринчи этабы ушул жылдан 1-февралынан 28-февралына чейин, ал эми экинчи этабы 11-мартка чейин уюштурулат.

Ага ОшМУнун күндүзгү бөлүмдөрүнүн 3-6 –курстарында “эң жакшы” бааларга окуган же GPI 3,8 ден жогору болгон студенттер катыша алышат.

Стипендияны Ош МУда өмүр бою иштеген мугалим каржылайт. Ал жыйнаган мүлкүн  50 жыл бою төлөөгө банк, мугалим, университет болуп үч тараптуу келишим түзүшкөн. Стипендия беш жылдан бери берилип келет.

Автор Т-медиа 11169 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*