Чүйдө сот аткаруучу пара талап кылып жаткан жеринен кармалды

Кечээ 30-январь күнү  ыкчам-тергөө иштеринин жүрүшүндө, өзүнүн иш бөлмөсүндө пара алуу учурунда Чүй областынын Аламүдүн районунун сот аткаруучусу кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Такталгандай, “Н.Т.” кызматтык абалынан пайдаланып “Ч.у.Э.” аттуу КР жаранынан жол кырсыгы тууралуу өндүрүш иштерин токтотуу үчүн пара талап кылган.

Аталган сотко чейинки өндүрүш КР Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесини (пара талап кылуу) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Кармалган адам УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Автор Т-медиа 12136 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*