Өлкөдө биринчи жолу билимди электрондук баалоо системасы киргизилди

Билимдерин электрондук жол менен баалоого Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарындагы мектептердин 4-классынын 1344 окуучусу катышууда. 

“Бирге окуган сонун” долбоору эки бөлүктөн турат. Биринчиси мектепке тартылбай калган балдарга багытталган. Экинчиси тил үйрөнүүдө кыйналган окуучуларды таап чыгуу боюнча иш алынып барылат. Долбоорго кыргыз, өзбек, орус жана тажик тилинде окуткан мектептер камтылган.

«Мектепке тартылбай калган балдар менен иштеген 10 мектеп бар. Алар ар бир облуста. Ал эми 38 мектеп көп тилдүү компоненти менен иштегендер. Алар Ош, Баткен, Жалал-Абад, Чүй облусунда жайгашкан»,- деди ЮНИСЕФтин билим берүү маселелери боюнча координатору Чынара Куменова.

Бул иш-чара баланын китеп окуу жана окуганын баамдап, түшүнүү көндүмдөрү калыптануусун аныктоо максатында өткөрүлүп жатат.

Баалоо 48 мектепте жана 10 бала бакчада “Бирге окуган сонун” долбоорунун алкагында өткөрүлдү. Бул Билим берүү жана илим министрлигинин демилгеси менен ишке ашып, ЮСАИД жана ЮНИСЕФ каржылаган.

Автор Т-медиа 12140 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*