Милициясынын айлыгы биринчи жолу 40 пайызга көтөрүлдү

Ушул жылдын январынан тартып укук коргоо органдардын айлыгын көтөрүү жөнүндө мыйзам күчүнө кирди. Ички иштер кызматкерлери мурдагы айлык акыларынан 40 пайыз жогору маяна ала башташты. 

Милиция кызматкерлеринин айтымында айлыктын көтөрүлүшү менен милициянын өздүк курамындагы коррупциялык көрүнүштөр чектелет. Анткени айлык акынын жетишпестиги  мыйзам бузууларга түртүп жаткан.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынын жетекчиси Жеңишбек Аширбаев билдиргендей, милицияда жаңыдан иштей баштагандардын айлыгы 8-9 миң сомдон болсо, азыр 20 миң сомго жетти. 15 жылдан ашык тажырыйбасы бар кызматкерлерге дагы орточо 8-9 миң сомдон айлыгына кошулду.

«Ички иштер кызматкерлери кечээ бир эки күн болду айлыктарын алышты. Баары кубанып жатышат. 8 миң 9 миңден кошулдуЧындыгында мурда биз иликтеп көргөндө мурдагы эски айлыкта кызматкерлер ушунчалык үнөмдөсө дагы 20 күндө айлыктары түгөнүп калып, 10 күн карыз менен жашап келишкен. Бүгүнкү күндө кызматкерлердин сүйүнгөнү үнөмдөсөк бир айга айлыгыбыз жетет экен деп жатышат. «,-деди Жеңиш Аширбаев.

Ал кошумчалагандай, кыргыз милициясынын тарыхында айлык акынын көлөмү биринчи жолу 40 пайызга көтөрүлдү.

2020-жылдан тартып айлыкты 40% жогорулатуу тууралуу мыйзам долбоору эки жыл мурун иштелип чыгып, быйыл күчүнө кирди.

 

Автор Т-медиа 11166 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*