Ошто жол кырсыгынан жети адам каза болду

Өзгөн районунун Мырза-Аке айылынын Жээнбеков көчөсүндөгү  жол кырсыгынан жети адам каза болду. Кырсык бүгүн, 3-февралга караган түнү болгон. Бул тууралуу «Т-Медиага» ӨКМдин  басма сөз катчысы Элмира Шерипова билдирди.

Алдын ала маалмыта боюнча « Lexus ES300» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай калып, электр мамычасын сүзгөн. Кийин өрт чыккан. Кесепетинен жети эркек адам каза болду. Алардын ысымдары такталып жатат.

Ош облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы маалыматты тактап жатканын кошумчалады.

Автор Т-медиа 10875 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*