Аба ырайы: кар жаайт

Бүгүн, 4-февралда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында кар жаайт. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында, тоолуу райондордо жана Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаайт.

Кыргызгидрометтин маалыматына караганда, абанын температурасы Чүйдө түнкүсүн -3…+2, күндүз 2…7, Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -26…-31, күндүз -13…-18 градус болот. Таласта  түнкүсүн -1…-6, күндүз 1…6, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2…+3, күндүз 3…8 градус жылуу болот. Ысык-Көлдө түнкүсүн -4…-9, күндүз 0…5, ал эми Нарында түнкүсүн -20…-25, күндүз -8…-13.

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -1°…+1°, күндүз 5…7° жылуу болот.

Автор Т-медиа 11406 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*