Былтыркы жылы Ош облусунда 27 объект пайдаланууга берилди

Ош облустук капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан 2019-жылы 27 мекеме бүткөрүлүп пайдаланууга берилди. Бул тууралуу аталган башкармалыктын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, жалпысынан 2019-жыл эсебинен 32 объекттини бүткөрүү пландаштырылып,  27 объект пайдаланууга берилди.

Алар: Алай, Араван, Кара-Суу, Кара-Кулжа, Ноокат жана Өзгөн райондорундагы 9 мектеп, 5 спорт зал, Ош шаарындагы 1 саламаттыкты сактоо мекемеси,  Алай, Араван, Өзгөн райондорундагы 4 таза суу менен камсыз кылуу объектилери жана 8 капиталдык ремонт жумуштары.

2019-жылы бул курулуштарга 534100,3 миң сом, таза суу менен камсыз кылуучу объектилердин курулуш жумуштарына 131718,1 миң сом, капиталдык ремонтко 78768,5 миң сом, объектилердин долбоорун жасоого 1421,0 миң сом жана бирдиктүү депозиттик эсептен 79375,0 миң сом бөлүнүп берилген.

Автор Т-медиа 10875 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*