
Өкмөт китепканачылардын айлыгын 80%га көтөрүүнү көздөп жатат. Бул тууралуу маданият маалымат жана туризм министри Азамат Жамангулов Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.
Министрдин айтымында, айыл жергесиндеги китепканачылар 4 миң сомдун тегерегинде маяна алат. Айрым депутаттар бул аз маяна менен жашоого мүмкүн эмес экенин белгилешти. Көпчүлүк китепканаларда шарттар да жокко эсе.
«Райондук жана облсутук деңгээлдеги китепканалардын абалы бүгүнкү күндө орточо десек болот. Анткени кирип чыккан эл бар. Ал эми айылдык китепканалардын абалы абдан кыйын. Имараттарына көп жыл богондуктан кээ бир жерлерде кышында иштетүүгө мүмкүн эмес. Кээ бир айылдарда китепканачылар бир-эки күн келип кетпесе, көбүнчө жабык турат«,-деди Азамат Жаманкулов.
Өлкөдө жалпы 5 миң 747 китепкана бар. Учурда Жогорку Кеңеш бул мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү карап жатат.
Оставьте первый комментарий