Өкмөт: өлкөдөгү мектептердин 99 пайызы интернетке кошулду

2019-жылдын жыйынтыгы менен өлкөдө 2 118 мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин 99,0% интернетке кошулду. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлады. 

Маалыматка ылайык, 91 мектепке инновациялык макам берилип, анын ичинде 30 мектеп лабораториялык, мультимедиялык, кеңселик жана окуу жабдуулары менен жабдылган. Ал эми 61 мектеп заманбап электрондук мектепке айланды. Кошумча 540 мектеп интернетти колдонуу үчүн ноутбук, роутер жана проекторлор менен жабдылды.

Ошондой эле былтыркы жылы 5-6-класстын окуучулары жаңыча окуу программаларын жана окутуу-усулдук комплекстерди колдонуу менен жаңы сабактарды окушту. Кийинки жылдары 7-9-класстардын окуучуларын, андан кийин 10-11-класстардын окуучуларын жаңы стандарттар боюнча окутуу пландалууда.

2018-жылы мектептер 67,0% болгон болчу.

Автор Т-медиа 12144 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*