Өзбекстанда улуттук телеканалдын эфири үзгүлтүккө учурады

Өзбекстан Улуттук телерадиокомпаниясынын (УТРК) иши кайрадан үзгүлтүккө учурады. УТРКнын курамындагы бардык мамлекеттик телеканалдар өчүрүлдү.

Орусиялык маалымат агенттиктери билдиргендей, УТРКнын иши 4-февралда жергиликтүү убакыт боюнча түнкү саат 1:30да үзгүлтүккө учураган.

Өзбекстан Улуттук телерадиокомпаниясы 12 телеканалга, 4 радиоканалга жана 12 жергиликтүү телерадиоканалга ээ.

Быйыл 27-январда да телерадиокомпаниянын иши бир саатка үзгүлтүккө учураган. Айрым булактар буга электр энергиясынын өчүрүлүшү себеп болгон дешсе, башкалары УТРКнын техникалык жабдуулары эскиргенин айтышкан.

Т-медиа
Автор Т-медиа 6073 статьи

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо