Азамат Болгонбаев КТРКны кантип өзгөртөрүн айтты

КТРКнын Байкоочу кеңешинин төрагалыгына төкмө акын Азамат Болгонбаев шайланды. Бул тууралуу маалыматты  «Т-Медиага» өзү тастыктады. Ал алдыдагы максаттарын мындайча негиздеди:

«Негизинен мыйзамда көрсөтүлгөн нормалар боюнча иштейбиз. Ал эми моралдык жоопкерчилик ала турган болсок, коом менен телеканалдын байланышын ачык-айкын түзүп берүүгө аракет кылам. Менин негизги багытым ошол. Анткени КТРКга азыр түркүн-түстүү сындар абдан көп айтылат. Биз ошолорду жок кылып жибербесек да, кайсы бир деңгээлде алака түзүп, иштешкенге аракет кылабыз», — деди Болгонбаев.

Ошондой эле ал мурдагы жетекчиликтин кемчиликтерди кайталабаганга аракет кыларын кошумчалады.

«КТРК азыр материалдык база боюнча башкалардан биринчи. Болгону калыс болуу милдетин аткарыш керек деп ойлойм. Байкоочу кеңештин мүчөлөрүнө жаңы директорго: «шайлоо жылы келе жатат, калыс туруп бериңиз» деп айтып жатабыз. Өзү да сөз берүүдө».

Болгонбаевдин талапкерлигин байкоочу кеңештин 14 мүчөсү колдоп берди.

Эске салсак, 2019-жылдын ноябрында коомдук ишмер Жыпар Жекшеев КТРКнын Байкоочу кеңешинин төрагалыгынан жана мүчөлүгүнөн кетүү тууралуу арыз жазган.

КТРКнын Байкоочу кеңешинин 15 мүчөсү бар. Алардын бешөөнү президент, бешөөнү парламент жана калган беш мүчөсүн жарандык коом сунуш кылган талапкерлердин арасынан парламент тандап алат.

Т-медиа
Автор Т-медиа 6343 статьи

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо