
Ош шаардык кеңеши муниципалдык ипотекалык негизде берилген үйлөрдүн үстөк пайызын 4кө түшүргөнү менен токтом аткарылбай жатат. Мындан улам жашоочулар 2 айдан бери мурдагы 6 пайыздык үстөк менен төлөп жатышат.
Ипотекалык төлөмдөрдү кабыл алган банкка январь айынын орто ченинде шаар мэриясынан пайыздык үстөк түшкөнү тууралуу токтом келген. Бирок анда кайсы күндөн баштап 4 пайыздык үстөк менен төлөнөрү көрсөтүлгөн эмес. Буга байланыштуу банк ай сайын төлөнүүчү сумманы 4 пайыздан эмес 6 пайыздан төлөтүүдө.
«Ал билдирүү келгени менен андан кийинки эсептөөлөр да убакытты алат. Биз Бишкекке жиберишибиз керек болот. Ал жактан карап чыккан соң, анан биз ар бир адам менен кайра келишим түзүп чыгабыз«, — дейт «Айыл банктын» Ош филиалынын жетектөөчү адиси Элдар Усупбеков.
Токтомго толуктоо киргизип берүү үчүн муниципалдык ипотекалык ишкана кайрадан Ош шаардык кеңешине кайрылып жатат. Анткени декабрь айында чыккан токтомдун иштебей калуу тобокелчилиги бар.
«Токтом чыгып жатканда мазмуну туура эмес жазылып калган. Ошондуктан биз кайра шаардык кеңешке жибердик«, — деп кошумчалайт Ош шаардык муниципалдык ипотекалык ишканасынын жетекчиси Кутманалы Абрахман уулу.
Токтом Ош шаардык кеңешинин сайтынан алынды.
Токтом долбоору шаар мэриясынын адистери тарабынан даярдалып келгенин Ош шаардык кеңешинин юристи Мирлан Давляев белгилейт. Ал көпчүлүк депутаттардын талкуусунан өтүп, андан соң бекитилген. Эми толуктоолор дагы бир ирет комитеттен өтүп, сессияда каралат. Ош шаардык кеңеши ушул айда акыркы сессиясына чогулушу күтүлүп жатат. Эл өкүлдөрү сессияга чогулууга үлгүрбөсө, анда жазда жаңы шайланып келген депутаттар карап калуусу да мүмкүн. Мындай учурда ипотека төлөөчүлөрдүн төлөмдөрүн январь айынан кайра эсептөөгө туура келет.
Эске салсак, Ош шаардык мэриясы мамлекеттик дирекция курган үйлөрдүн 390 батирди шаардагы ишкана кызматкерлерине 12 жылга 6 пайыз үстөк менен саткан. Бирок эки жылдан бери бул пайыз жашоочулардын нааразычылыгын жаратып, мындан улам шаардык кеңеш 4 пайызга түшүрүү боюнча токтом чыгарган эле.
Оставьте первый комментарий