Озгурда 4 миң адамдын жери талашка түштү. Окуянын чоо-жайы

Оштун Озгур айылында 4 миңдей жашоочу менен жеке эки ишкананын ортосунда жер талашка түштү. Бул маселе Кара-Суу районунун прокуратурасы тарабынан келтирилген аппеляцилык арыздын негизинде бүгүн Ош облустук сотунда каралды. Бирок сурала турган тараптар көп болгондуктан отурум 12-февралга жылдырылды.

Озгур айылынын жашоочулары менен  жеке эки ишкана соңку 3-4 жылдан бери 80 гектардан ашуун жер үлүштү талашып келүүдө. Маселе Жогорку сотко да жетип, учурда биринчи инстанцияга кайра кайтып келди.

Озгурлуктардын айтымында, талашка түшкөн жер үлүштөрдү алар 1994-жылы өкмөттөн алышкан. Мында 100 гектарга жакын кайракы жерлер бар. Ал тилкелер союз кезинде “Туштүк суу курулуш” ЖЧКсынын жеке дыйканчылык жери болгон. Союз тараганда ишкана да жоюлуп, анын жеке дыйканчылык жери өкмөткө өткөн.

“Түштүк суу курулуш” ЖЧКсынын өкүлү Нурмухаммед Ибрагимов болсо талаш жердин тарыхын башкача тушүндүрүп жатат. Ал белгилегендей, ишкана союз тараганы менен жоюлган эмес жана анын 61% акциясын мамлекеттик мүлк фондунан Рустам Сулайманов сатып алган. Акционер сатып алган учурда ага караштуу бардык мүлк жана жер аянттары кошо сатылып алынган.

«Биринчиден Кара-Суу райондук сотуна азыркы Шарк айыл өкмөтүнүн (мурдагы Калинин) жалпы чогулушунунун документин бергенбиз.  Анда 2290 адам жер «Түштүк суу курулуш» акционердик коомуна берилсин деп кол коюп берген. Мындан сырткары Кара-Суу райондук жана облустук аткаруу комитетинин токтому бар. Бул токтомдор бир да жерде соттон чыгарылган эмес. Мына ошондуктан соттун биринчи истанциясы чечимди туура чыгарган. Экинчисинде ортодо кандайдыр бир себептер менен сот туура эмес чечим чыгарды. Бирок ошонун баарын Жогоорку Сот кайрадан оңдоп, Ош облустук сотунун чечимин жокко чыгарып, кайра кайтарды»,- дейт Ибрагимов.

Буга чейин эки тараптын талашы Жогорку сотко чейин жеткен. Биринчи инстанцияда “Түштүк суу курулуш” ЖЧКсынын  пайдасына чечип, экинчи иснтанция Озгурлук тургундардын пайдасына өзгөртүлгөн. Жогорку сот болсо жеке ишкерлер тарапка чечкен жана кайра кароо үчүн биринчи инстанцияга ишти жиберген. Мамлекеттик каттоо кызматынын Оштогу өкүлү талаш жерлер шаардын каттоосунда туруп келген дейт.

Озгур айылында 4 миңге жакын адамдын жер улүшү талашта турган тилкеден берилген. Ар бир айылдыкка 10-15 сотыхтан жер тийген. Мындан сырткары суулуу жерден бир үй бүлөнүн 5 сотыхга жакын жерлери бар.

Жанар Акаев: Оштун Озгурунда 4 миң жашоочу үлүш жерсиз калуу коркунучунда турат

Автор Т-медиа 12149 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*