Коронавируска каршы өзгөчө флешмоб. Сүрөттөр

Түштүк Кореядагы массалык үйлөнүү маараке — коронавируска каршы чакырык катары өттү. 60 өлкөдөн 3000 ден ашуун жубайлар Сеулдагы чиркөөлөрдүн биринде баш кошушту. Алар коронавирус жугузуп алуу коркунучуна карбастан үлпөттөрүн өткөрүшкөн. Аталган иш-чара Unification Church диний кыймылы тарабынан уюштурулган.

Баш кошкон жубайлар коронавируска текшерилип, аларга чиркөө тарабынан атайын бет каптар таратылган. Бирок мааракеге Кытайлык жубайлардын катышуусуна тыюу салынган. Ошондой эле 3000 ден ашуун адамга таратылган бет каптарды баары таккан жок деп жазган BBC.

Алдын ала маалыматка ылайык Түштүк Кореяда өткөн жумада Ухань шаарынан келген учактан 24 адамга коронавирус жуккан.

 

 

 

 

Автор Даяна Данияр кызы 47 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*