Алай: көмүр казууга каршы чыккандардын талабы аткарылабы?

Алай районунун Согонду айылынын 200дөй тургуну Тайгак-Таш аймагынан көмүр казууга каршылык билдирип чыгышты. Жергиликтүүлөрдүн талабы — экологиянын булганышын алдын алуу болууда. Эгер көмүр казуу иштери башталса,  айланасындагы арча, карагайлар кыйылып, чоң дарыя булганат. Ошондой эле кенден чыккан чаң, калдыктар кайда ташталат деген коооптонулар жаралууда.

«Т-Медиа» Алай районунун Ленин айыл өкмөтүнүн башчысы Нурлан Асанов менен байланышты. Ал Согонду айылынын тургундары нааразычылыка чыкканын ырастады. Айтымында, чогулган эл менен Алай районунун акими Замир Молдокулов жана кенди иштетмек болгон жеке компания өкүлдөрү жолугушкан. Жыйынтыгында элдин талабы менен көмүр казылбай турган болду.

«Протокол түзүлүп,  кен казылбай турган болду. Нааразычылыкка чыккандар тарап кетишти. Компания буга чейин орноткон контейнерлерин алып чыгып кетет», -деди Асанов.

Тайгак-Таш аймагындагы 119,93 гектар аянтты ээлеген көмүр кенин «Бикипинг» жоопкерчилиги чектелген коому изилдеп жатат. Аларга үч жылдык мөөнөт менен 2017-жылдын декабрь айында уруксат берилген.Бирок 2019-жылдын 13-июнунда кайра каттоодон өткөн.

Согонду айылында 2800 тургун жашайт.

Автор Т-медиа 11933 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*