Жаңы мыйзам өзбекстандык 6 миңге жакын студентти мекенине кайтууга мажбур кылууда

Ошто билим алып жаткан өзбекстандык студенттер кайрадан мекенине кеткени турушат. Буга мекенине кайтаруу жөнүндө Өзбекстандын Билим берүү министрлигинин чыгарган буйругу себеп болду.

ОшМу жетекчилиги буйрук официалдуу түрдө келбегендигин билдирди. Учурда окуу жайда 3432 өзбекстандык студент окуйт. Алардын басымдуусу медициналык жана педагогикалык факультеттерде билим алышат.

«Негизи эреже боюнча 1-курстан которулуу, тикелөө болбойт. Бул СССРден бери келе жаткан мыйзам бар. Биз Өзбекстандын да мыйзамын карап көрдүк. Аларда деле бул эреже сакталган. Бирок ошого карабастан биз эки-үч күндөй биринчи курстун студенттерине мекенине кеткенге уруксат бербей жаттык. Тилекке каршы, алар бардык студенттер келсин дегендей мазмунда чакыртма жөнөткөн үчүн уруксат берип жатабыз», — дейт ОшМУнун окуу иштери боюнча проректору Замир Бөжөнов.

Бөжөнов билдиргендей, азырынча ОшМУ өзбекстандык студенттерге транскрипт (зачет китепчесинин көчүрмөсү) гана берип жөнөтүүдө. Алар ошонун негизинде барып, кайсы окууга которулганын аныкташат.

«Студент которулган окуу жай бизге академиялык аныктама берүү үчүн суроо-талап жөнөтөт. Ошондо гана бизден кетти деп эсептейбиз. Азырынча алар угуучу катары гана кетишет. Канча студент кетип, кетпегендигин аныктоо азырынча кыйын. Анткени аттестаттары бизде турат», -деди ал.

Анын айтымында, буйруктун чыгышы Кыргызстандагы окуу жайларга да таасир берет.

«Албетте, сааттар кыскарат, студенттердин кеткенине карап окутуучуларды да кыскартууга туура келет. Көйгө бар».

Өзбекстандан Кыргызстанга келген студенттердин агымы акыркы эки жылда көбөйгөн. Бул көрүнүш кыргыз-өзбек чек арасы толук кандуу ачылгандан кийин байкалган.

Маалыматтарга караганда Ошто 6 миңге жакын Өзбекстандан келген студенттер билим алат.

Т-медиа
Автор Т-медиа 6343 статьи

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо