Ошто 70 гектар жер талашта. 4 сотых тилке ала албаган жапалактыктар

Ош шаарындагы Жапалак аймактык башкармалыгынын тургундары шаардык прокуратурага кайрылышты. Алар арызды прокурор Кубат Абдраимовдун атына жолдошкон.

Тургундар арызында айылдагы аксакалдар сотунун төрагасы Жаныбек Камилов мыйзамсыз ээлеп алган 70 гектар жерин жакындарына каттатып жатканын жазышкан. Муну мамлекеттик каттоо кызматы менен бирге ишке ашырууда.

«70 жаштагы Камилов Жаныбек 49 жылга жерди арендага берүү мыйзамга канчалык туура келет. Камиловдун Жапалак айыл өкмөтүндө жашабаган карындашы Нурийла Камиловага эмненин негизинде 6 гектар жер берилет. Өмүр бою Жапалакта иштеп жашаган киишиге 1 см жер берилбейт. Эмнеге жабык эшик артында айыл өкмөттө иштеген адамдар 60-70 гектар жерди ээлеп алышат. Мыйзамсыз курулуштары турат ага мыйзам чегинде баа берилген жок«,-деди деп айтылат тургундардын арызында.

Мамлекеттик каттоо кызматынын Ош шаарындагы жетекчиси Иляьз Сансызбаев Жаныбек Камилов мыйзамсыз ээлеп алган 70 гектар жерин мамкаттоо аркылуу жакындарына каттатып жатат деген маалыматты четке какты.

«Жаныбек Камиловдун атында 70 гектар эмес, 70 сотых жери каттоодо турат экен. Ал жер дагы камакта турат экен«,-деди Иляз Сансызбаев.

Ал эми Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын маалыматына караганда, Жаныбек Камиловдун атында 6 гектар 80 сотых жер катталган. Анын үй-бүлөсүнүн атында 5 гектар 21 сотых жер катталган. Жерлер ар кандай мөөнөткө берилген.

Арыз жазгандар өткөн жылдын 18- декабрында Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашовго, шаар прокуратурасына, УКМК, каржы полициясына кайрылышкан. Бирок шаардык прокуратуранын бөлүм башчысы, аларга туура эмес жооп бергенине нааразы болушууда.

Ошондой эле Ош шаардык прокуратурасы аксакалдар сотунун төрагасы Жаныбек Камилов мыйзамсыз 70 гектар жерди ээлеп алгандыгы аныкталган жок деп тургундарга жооп берген.

Тургундардын арызы боюнча, Жаныбек Камиловдун өзү менен байланышууга кылган аракетибизден жыйынтык чыккан жок.

Автор Т-медиа 11406 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*