Ош милициясы спортчунун президентке кайрылганы боюнча комментарий берди

Ош шаардык милициясынын басма сөз кызматыТөлөгөн Рахманберди уулунун президентке жолдогон видео кайрылуусу боюнча жооп берди. Анда спортчунун мындай кадамга барышы негизсиз жана мурдагы көрсөтмөлөрүнөт дал келбегени айтылат. 

ШИИБдин маалыматына караганда, ушул жылдын 29-январь күнү, саат 18:00 чамасында Ош шаарынын Ленин көчөсүндөгү А.Сүйүнбаев атындагы борбордук стадиондун жанында ИИМдин атайын тизмесинде уюшулган кылмыштуу топтун мүчөлөрү катары каттоодо тургандар Рахманберди уулу Төлөгөндү көптөп уруп, денесине жараат келтиришкен соң окуя болгон жерден качып кетишкен.

Факты Жазык кодексинин 266-беренеси менен Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине  катталып, тийиштүү материалдар жыйналган. Жабырлануучу анын урган адамдар тууралуу тергөөнүн жана ыкчам кызматкерлердин бир нече сунушуна карабастаншектүүлөрдүн үстүнөн арыз жазуудан баш тарткан. Атайын экспертиза Төлөгөн Рахманберди уулунун мурун көңдөйү сынганын аныктап, ал Ош шаардык ооруканасына жаткырылган.

Ошол эле күнү саат 16:25 чамасында, кылмышка шектүү катары “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү мамлекеттик белгиси “06KG016AEM” бар көк түстөгү унаадан 5 жаран кармалган. Сотко чейинки өндүрүш иштери ачылып, бүгүнкү күндө тергөө иштери уланууда. Шектүүлөр учурда Ош шаарындагы №5 тергөө изоляторунда отурушат.

Ош шаардык милициясы Рахманберди уулуна Кара-Суу районунун аймагында санына ок тийгендиги тууралуу фактыны ИИМдин тергөө тобу иликтеп жатканын билдирди.

«Жогоруда белгилегендей бүгүнкү күндө жабырлануучунун арыз, көрсөтмө бербегендигине карабастан Ош шаардык ички иштер башкармалыгы өз алдынча далилдерди топтоп, жабырлануучуга карата кол салган адамдардын бешөөнү кармоого жетишкен. Андыктан анын президент Сооронбай Жээнбековго кайрылууга эч кандай негиз болгон эмес», -деп айтылат маалыматта.

Төлөгөн Рахманберди уулу 27 жашта. Ал мурдагы милициянын атайын багыттагы отрядынын кызматкери. Маалыматтарга караганда кылмыш чөйрөсүнүн идеяларын тутунуп жүрөт.

Эрежесиз эр уруш мушкери Төлөгөн Рахманберди уулу президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жасады. Анын 2 мүнөттүк видео түрүндөгү кайрылуусу 14-февраль күнү кечинде Ош бажысынын кызматкери Эмилбек Кимсановдун фейсбуктагы баракчасында жарыяланды.

Эске салалы: 22-сентябрда кечке маал Кара-Суу районунун Фуркат айылында ок атышуу болгон. Окуянын каармандары катары белгилүү спортчулардын аты аталган. Алгачкы маалыматтар боюнча Ош шаардык спорт комитетинин башчысы, кикбокс боюнча спорт чебери Кылыч Саркарбаев мурдагы милиция кызматкери, эрежесиз эр уруштун чебери Төлөгөн Рахманберди уулуна ок атканы белгилүү болду. Ички иштер органдары бул чуулуу окуя боюнча азыр да ачык-айкын, толук маалымат бере элек. Бирок Ош ОИИБ расмий тараткан маалыматтагы инициалдар Саркарбаев менен Рахманберди уулунун ысымдарына толук дал келет. Милиция Саркарбаев Рахманберди уулун унаасы менен кууп барып, Кыргыз-Чек айылында ок чыгарганын кабарлаган эле.

Автор Т-медиа 12149 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*