
Ош шаарында алгачкы жолу өспүрүмдөр жана чоңдор арасында шахмат боюнча мэрдин кубогу башталды. Ага Бишкек, Ош шаарларынан жана өлкөнүн бардык облустарынан 150 спортчу катышып жатат.
Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин маалымат кызматы мелдеш кыздар, балдар арасында 10 жашка чейин, 14 жашка чейин жана 14 жаштан жогору алты топко бөлүнүп өтүп жатканын билдирди.
Иш-чара бир эле күнгө созулат. Расмий ачылышка шаардын вице-мэри Жасур Азимов, шаардык кеңештин депутаты Абдисаит Каримбеков, шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасынын орун басары Улан Авазбеков, спорт сүйүүчүлөрү жана спортчулар катышууда.
Жеңүүчүлөргө диплом, медаль, баалуу белектер жана Ош шаарынын мэринин кубогу тапшырылат.
Оставьте первый комментарий