
Эрежесиз эр уруш мушкери Төлөгөн Рахманберди уулу президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жасады. Анын 2 мүнөттүк видео түрүндөгү кайрылуусу 14-февраль күнү кечинде Ош бажысынын кызматкери Эмилбек Кимсановдун фейсбуктагы баракчасында жарыяланды.
Кайрылууда, Төлөгөн Рахманберди уулу Матраимовдордун үй-бүлөсүнөн коркуп жашап калгандыгын, Ошто жашоо кыйын болуп жатканын билдирген.
Спортчу өзү менен бирге Эмилбек Кимсановду «каматабыз» деп жатышканын айтып, президенттен чара көрүп берүүнү суранган.
Ага бир нече жолу топ балдар тарабынан ур-токмок, ок атуу болгонун, анын бири 21-сентябрда Ош шаардык спорт комитетинен төрагасы Кылыч Саркабаев тарабынан жасалганын билдирген. Кийинчерээк Саркабаев ага «ооруканага Мунарбек Сайпидинов (ред: Савай айыл өкмөтүнүн башчысы) менен келип арыз жазсаң өлтүрөбүз» деп коркутушканын айткан.
«Урматтуу Сооронбай Шарипович, биз бүгүн кандай мыйзамсыз өлкөдө жашап жатканыбызды түшүнбөй калдык. Ошто, түштүк жергесинде Матраимовдордун үй-бүлөсүнөн, Матраимовдордун кланынан коркуп жашап калдык. Себеби 5, 6 ай мурда мени Нурбек Раимбековдун балдары атып кетишкен. Кийин Кылыч Саркарбаев автомат менен аткан. Эми болсо каматабыз деп жатышат. Мындан бул жакта Ошто жашоо кыйын болуп калды биз үчүн. Өзүңүз чара көрүп бериңиз», — деп айткан Төлөгөн Рахманберди уулу видео кайрылуусунда.
Эмне болду эле?
Ош шаарында спортчулардын ортосунда чыр чыгып, ок атылганын 23-сентябрда Turmush басылмасы өздүк булактары таянып жазып чыккан.
Андагы маалыматта 21-сентябрь күнү К.С. аттуу спортчу Р.у.Т.нын бутуна ок менен аткан. Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынан 21-сентябрь күнү кечинде Р.у.Т.нын оң санына ок тийип кайрылганын тастыктап, ал жандандыруу бөлүмүнөн сыныктар бөлүмүнө которулганын билдиришкен.
Алдын ала маалыматтарга караганда, окуя 21-сентябрь күнү кечинде Кара-Суу районунун Фуркат айылында болгон. Ок тийген жаран Араван райондук милициясынын мурдагы кызматкери Төлөгөн Рахманберди уулу болгон.
Кылмышка шектүү Ош шаардык спорт комитетинин төрагасы, кикбокс боюнча спорттун чебери Кылыч Саркарбаев экени айтылган.
Кийинчерээк облустук милиция, атышуу боюнча эки жаран кармалганын ырастап, бирок алардын арасында Кылыч Саркарбаев бар же жок экенин ачыктаган эмес.
Окуя боюнча укук коргоо органдары «Денеге зыян келтирүү» беренесинин негизинде сотко чейинки өндүрүш башталганын, бирок ишти ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш башкармалыгынын тергөөсүнө өткөрүлүп берилгенин билдирген.
25-сентябрда жабыркаган Төлөгөн Рахманберди уулу жергиликтүү каналдардын бирине маек берип, ал өзү кокустуктан бутуна атып алганын билдирген.
«Кылыч экөөбүз мурдатан таанышбыз жана жакшы мамилебиз бар. Мен кокустук болуп бутумду атып алдым, ал окуяны бурмалап жатышат. Биз тууралуу болуп жаткан сөздөр чындыкка дал келбейт» — деп айткан Төлөгөн Рахманберди уулу.
Кийинчерээк ЖМКлар жеке булактарына таянып жабырлануучу Саркабаевдин үстүнөн тосмо арыз бергенин жазып чыгышкан.
Андан соң, 27-сентябарда интернетте «Мына Кылыч Саркарбаев аткан автомат» аттуу видео тараган.
Кийинчерээк Ош шаардык мэриясы Кылыч Саркабаевдин үстүнөн кызматтык иликтөө баштай электигин, ага укук коргоо органдары баа бере турганын билдирген. Андан соң, Саркарбаев да спортчуну атпаганын кабарланып, ал жергиликтүү бийлик тарабынан Ош шаарында «Жылдын мыкты жетекчиси» наамын алган. Учурда дагы деле ИИМ бул ишти териштирүүдө.
Азырынча бул боюнча биздин редакциянын Ош шаардык спорт комитетинин башчысы Кылыч Саркарбаев жана Савай айыл өкмөтүнүн башчысы Мунарбек Сайпидинов менен байланышууга кылган аракетибизден жыйынтык болгон жок.
Оставьте первый комментарий