
2011-жылы уюшулган «Кыргыз-Ата» элдик партиясы кайрадан катоодон өтүп, «Тилектештик» саясий партиясы болуп өзгөрдү. Бул тууралуу партиянын төрагасы Төлөгөн Келдибаев билдирди.
Аталган партия жетекчиси алдыдагы шайлоолорду таза өткөрүүгө чакырып, Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына шайлоого катыша турганын билдирди.
«Жакынкы беш жылда (2020-2025-жылдардын мезгилине) Кыргызстандын алдында саясий системасы туруктуу, экономикасы ыкчам өнүгүп бараткан жана калкынын кирешеси дайыма жогорулап жаткан демократиялуу мамлекет катары калыптануу милдети турат. Бул пикирге жалпы элибиз тилектештигин билдирет деп эсептеймин», —деди Төлөгөн Келдибаев.
Келдибаев саясый күрөштүн ыплас ыкмаларына бөгөт коюу үчүн тийиштүү мамлекеттик органдарды жергиликтүү, Жогорку Кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүүнү терең талдап, адилет жана таза өткөрүүгө чакырат.
Партиянын аталышы өткөн-жылдын декабрь айында өзгөртүлгөнүн бирок каарманган принцитери жана багыты, максаты өзгөрбөгөнүн кошумчалады.
«Кыргыз-Ата» партиясы 2011-жылы уюшулган.
Оставьте первый комментарий