Чын-төгүнү чыга элек ооганчылар. Ошто 29 ардагер компенсация ала албай жатат

Ош шаарында Ооган согушунун 29 ардагери мамлекет тараптан берилчү компенсациясын ала албай жатат. Буга нааразы болгон ооганчылар учурда сотко даттанышууда.

Жапар Адинабеков компенсация албай калганына 4 ай болду. Буга эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Ормоновдун буйругу себеп болгон. Министрлик ага акчаны «ооган согушуна катышкан эмес болушу мүмкүн» деген шек менен токтоткон.

«Ооганстанда болгон согушта катышкам. Чек арадан өтүп Файзабад аймагында кан кечип согуш үчүн күрөшкөнбүз. Ошондо катышканыбыз үчүн бизге мамлекет айына 6 миң сомдон төлөп турчу. Бирок акыркы 4 айдан бери токтотуп койду«, — дейт Жапар Адинабеков.

29 ооганчыга төлөмдү токтотуу боюнча министрликтин буйругу мекемелер аралык комиссиянын сунушу менен болгон.

«Учурда булардын чын эле Ооганстандагы согушка катышкан же катышпаганын атайын комиссия карап жатат. Эгер катышкандары аныкталып, бардык документтери бар болсо, токтолган күндөн тартып кайра төлөнүп берет. Эгер аныкталбаса анда токтотулат«, — дейт Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин Оштогу башкармалыгынын башчысы Куттубек Абдуллаев.

Мекемелер аралык комиссия бул ишти 3 жылдан бери иликтеп жатат. Комиссиянын жыйынтыгы менен ооганчыларга андан ары акчалай төлөм төлөө маселеси чечилет.

Жалпы 29 ардагердин үстүнөн буга чейин Ооган согушуна катышпаган деген шек менен иш козголгон. Бирок ардагерлер бардык инстанциялардан өтүп, акыры Жогорку сот аркылуу бул күмөндү жокко чыгарышканын айтат.

Ардагерлердин юристи 1979-жылы Ооганстандын Файзабад шаарына Кыргызстандан 470 аскер киргени жана анын ичинде Ош облусунунан 76 аскер болгону тууралуу документ  бар экенин айтат.

https://www.facebook.com/TMediaKG/videos/691587391246445/

 

Автор Т-медиа 11434 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*