«Эки кочкордун башы бир казанда кайнабайт». Президент 9% боюнча пикирин айтты

Партиялардын парламентке өтүүсүнүн босого чегин 9% кылууга саясий күчтөр даяр эмес. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. 

«Азыр 9%, 7%, 5%, жадагалса 3% деген дагы пикирлер айтылып жатат. Тогуз пайызды колдогондордун негизги аргументи — партияларды ирилештирүү болгон. Бирок саясий күчтөр буга даярбы? Маселе ушунда. Коомдогу талкуулар көрсөткөндөй, саясий күчтөр, партиялар лидерлери буга даяр эмес. Элибизде «эки кочкордун башы бир казанда кайнабайт» деген сөз бар. Бизде мына ушундай: ар бир саясатчы өзүн лидер катары тааныйт. Партияларды ирилештирүү биздин саясатчылар үчүн азыр эртерээк болорун көрдүк», — деди Жээнбеков.

9% чекти төмөндөтүү боюнча мыйзам, январдын аягында парламентте биринчи окууга чыккан. Көпчүлүк депутаттар төмөндөтүү керек деп эсептейт.

2010-жылдагы парламенттик шайлоодо партиялар үчүн шайлоо босогосу 5% болгон болсо, 2015-жылы 7% пайызга көтөрүлүп, 2017-жылы кабыл алынган. 2020-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирген ченем боюнча анын чеги 9% жогорулаган.

2015-жылдагы парламенттик шайлоодо шайлоочулардын 59 пайызы же 1 630 122 адам добуш берүүгө катышкан. Бул эсеп менен алып караганда, шайлоо босогосу үч пайыз болсо, анда партия 52 миң добуш алышы керек. Беш пайыз болсо 85 миң, жети пайызга 120 миң жана тогуз пайыз босого болсо 154 миңден кем эмес добуш топтошу зарыл.

 

Автор Т-медиа 11434 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*