Ормонов: «Ошдюбек» акционердик коомунун жетекчиси мыйзамсыз иштеп жатат

Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Депутат Улукбек Ормонов «Ошдюбек» акционердик коомунун жетекчиси Сыргак Ибраев мыйзамсыз иштеп жатканын айтып өкмөттү сынга алды. 

Анын айтымында, «Ошдюбек» акционердик коому 15-февралда жыйын өткөрүп, бирок отчёттун беките алган эмес. 30 күндүн ичинде алар кезектеги жыйынга чогулуш керек болчу. Тилекке каршы, бүгүнкү күнгө чейин ал жыйын да өткөн эмес.

«Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун кызматкерлери ошол мыйзамсыз жетекчинин отчётторун кабыл алып жатышат. Бул фонддун алдында азыр көптөгөн ишканалар түзүлгөн. Мүлк ишканасы, улуттук компанияларды башкаруу ишканасы деп ар кандай ишканаларды түзүп алышкан. Негизи такыр иш жок«, — деди Улукбек Ормонов.

Ормонов бул боюнча премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге кайрылып, тез арада чечим кабыл албаган жетекчилерге чара көрүүнү сунуштады. Ал мамлекеттик ишкананы өзүнүн менчигинде пайдалангандар да бар экенин эскертти.

Ал эми «Ошдюбек»акционердик коомунун жетекчиси Сыргак Ибраев, депутат Улукбек Ормонов эмне себептен отчёт тапшыра албай калганын жана тамеки заводдун ишмердүүлүгү боюнча бир ооз сурабаганын айтты. Ошондой эле депутат таасирдүү тараптардын кызыкчылыгын коргоп жатышы мүмкүн дейт.

«Жыйын өткөрүү мыйзам чегинде көрсөтүлгөн. Жыл башында төрт айдын ичинде өткөрүлүүсү керек деп көрсөтүлгөн. Биз жетишебиз. Тамеки заводдун иштеп өнүгүүсүнө, жумушчу орундары түзүлүп, бюджетке көп салыктардын түшүшүнө кызыктар болсо, эмне себептен иштей албай жатат деп менден сурап койсо аябай калыстык болмок. Ошондуктан азыр айтылып жаткан бир тараптуу ойдон чоң күмөн туулат. Кайсы бир деңгээлде бирөөлөрдүн сөзүнө кирип, таасирдүү тараптардын кызыкчылыгын коргоп жатат», -деди Сыргак Ибраев.

Ал ишкананын 2018-жылдагы отчёту менен кабыл алынбай калганын моюнга алып, аны тамекини сатып жетише албай калганы менен түшүндүрдү. 2019-жылдагы отчёту 2 млн сом пайда менен жыйынтыкталып, дагы сатыла элек тамеки бар.

Акционердик коом 2019-жылы келишимдин негизинде 250 тонна тамеки өндүргөн. Анын баары Орусияга экспортолгон.

Автор Т-медиа 11434 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*