Ошто аялын унаа менен сүйрөгөн киши үй камагына чыгарылды

Ош облусунун Кара-Суу районунда аялын унаа менен сүйрөгөн 44 жаштагы киши үй камагына чыгарылды. Буга жабырлануучу аялдын тосмо арыз жазганы себеп болгон. 

Ош облустук сотунун маалымат катчысы Бекзат Осмонкулов билдиргендей, аялын сүйрөгөн кишинин өздүгү, туруктуу жашаган жери жана жашы жетпеген 3 баласынын бар экендигин эске алынып үй камагына чыгарылды.

Ошондой эле жабырлануучу аялы тосмо арыз жазып, бул иш үй-бүлөнүн макулдугусуз массалык маалымат каражаттарында тарап кеткендигин, жолдошунун үй-бүлөдө жакшы ата экендигин билдирген.

Жубайын унаа менен сүдүрөгөн жолдошунун видеосу соц тармактарда тарап,  19-февралда Ош шаардык ички иштер башкармалыгы аны кармап, ээнбаштык беренеси менен сотко чейинки өндүрүш ишин баштаган.

Автор Т-медиа 11434 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*