Ошто эки күн көк бөрү оюну өтөт. Видео

22-23-февраль күндөрү Ошто көк бөрү оюну өтөт. Мелдеш «Ош-Талас ынтымагы»  деп аталып, Ош облусу менен Талас облусунун командалары катышат. Бул тууралуу көк бөрү федерациясынын Оштогу өкүлчүлүгүнүн уюштуруу иштери боюнча төрагасы Дамирбек Нарматов билдирди.

Оюн Ош шаарындагы «Төлөйкөн» ат майданында өтүп, байге фонду 1 млн сомду түзөт.

«Даярдык иштери жакшы. Азыр баары даяр болуп калды. 20-февралда аттары келе баштаса, өздөрүн 21-февралда күтөбүз. Команда оюнчуларына,  аттарга баарына шарттар түзүлгөн. Командалар баары азыр өз аймактарында даярданышууда.  Буга чейин Таласта өткөндө эл аябай көп келген. Ал жакта көк бөрү оюнунун көрүүчүлөрү аябай көп экен. Колдоп, кубаттап кол чаап  турушкан. Биз дагы көрүүчүлөр көп болуп, дем күч берип турат деп күтүп жатабыз. Буюрса бул оюндар бардык аймактарда жайылат«, -деди Дамир Нарматов.

Көк бөрү 22-февраль күнү саат 10до башталып, биринчи жалпы командалар арасында өтөт. Экинчи күнү финалга чыккан командалардын мелдешет. Оюнга Оштон 4, Таластан 4 команда катышат.

https://www.facebook.com/TMediaKG/videos/481240079225197/

Автор Т-медиа 11434 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*