Шайлоо: «Тилектештик» партиясы Ош шаардык мэриясын прокуратурага берди

Жергиликтүү кеңешке шайлоого карата Ош шаарына каттоого тургандардын саны 37 миңден ашты. Буга байланыштуу «Тилектештик» партиясынын төрагасы Төлөгөн Келдибаев Ош шаардык мэриясын, аймактык шайлоо комиссиясын жана мамлекеттик катоо кызматынын жоопкерчилигин карап иликтөө жүргүзүү үчүн прокуратурага арыз жазды. 

Бул тууралуу «Т-Медиага» Төлөгөн Келдибаев билдирди. Анын айтымында, шаарга жарандарды массалык каттоого түздөн түз чоң кызматтагы адамдар аралашып жатат.

«Таалайбек Сарыбашов, шаар башчысы катары шаардагы ар бир кыймылга, болгон окуяларга реакция бериши керек эле. Бүгүнкү күнгө чейин оозуна талкан салып алгансып, бир жолу чыгып сүйлөгөн жок. Бул кайдан келе жаткан шайлоочулар? Кандай добуштар? Мунун жыйынтыгы эмне болот? Эч ким бул боюнча айтпай жатат. Шаардын мэри дагы бир ооз ачпай жатат«, -деди Төлөгөн Келдибаев.

Ош шаардык мэриясынын маалымат катчысы Азамат Абсаттаров Ош шаарындагы массалык каттоого мэр Таалайбек Сарыбашовдун эч кандай тиешеси жок экенин айтат. Ал  массалык каттоо боюнча ишти укук коргоо органдары териштире турганын кошумчалады.

«Сарыбашовдун эч кандай кызыкчылыгы жок. Сарыбашов эч кандай каттоого аралашкан жок. Ошол каттоолорду чукуп чыкса дагы Сарыбашовдон чыкпайт. Анткени аралашкан жок. Бул окуяны мэр өтө өкүнүү менен кабыл алды. Азыр тиешелүү кызматтар териштирип жатат. Мэрдин тиешеси жок«, -деди Азамат Абсаттаров.

Ушул жылдын февраль айында Ош шаарына каттоого тургандардын саны 37 миңден ашканы белгилүү болгон. Кийинчерээк бир үйгө 1300 киши катталганы айтылган.

БШКнын маалыматы боюнча, учурда Ош шаарында 140 миң 503 шайлоочу катталды. Буга чейинки президенттик, парламенттик шайлоолордо 120 миңдин тегерегиндеги гана адам катталган.

Башкы прокуратура Ош шаардык кеңешине өтчү шайлоонун алдында добуштарды сатып алуу аракети боюнча сотко чейинки өндүрүш ишин баштады. Ал эми Ош шаардык ички иштер башкармалыгы да «Шайлоочулардын добушун сатып алуу» беренесинин негизинде ишти бирдиктүү реестрге каттап, сотко чейинки өндүрүш ишин баштаган.

Эске салсак, Ош шаардык кеңешине шайлоо 12-апрелде өтөт.

Автор Т-медиа 11434 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*