
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов быйыл Жеңиштин ардагерлерине 70 миң сомдон акча бөлүүнү сунуштады. Ал парламенттин бүгүн, 20-февралындагы жыйыны учурунда мамлекет тарабынан аларга жетишерлик көңүл бурулбай жатканын белгиледи.
«Кыргызстанда 220 эле ардагер калды. Биз ушул жылы аларга 70 миң сомдон бербейлиби? Ооба, акча кетет. Казынада акча жок деп жатабыз. Бирок ошол эле кезде «Пирамида» жана «Бешинчи каналга» 20 млн. сомдон берип атабыз. Демек акча бар. Кийинки жылы канча ардагерибиз каларын эч ким билбейт. Алардын саны жылдан-жылга кыскарып атат. Азыр жардам бербесек кийин кеч болуп калат», — деди Бекешов.
Быйыл Улуу Ата Мекендик согуштун 75 жылдыгы белгиленет. Жыл сайын республикалык бюджеттин эсебинен 9-Майга карата бир жолу берилүүчү акчалай жөлөкпул төлөнөт. Былтыр Жеңиштин 74 жылдыгынын урматына карата согуш ардагерлерине 20000 сомдон берилген.
Оставьте первый комментарий