
«Ошэлектр» ишканасынын эки кызматкери 50 миң сом пара алып жатканда кармалды.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынан кабарлагандай, кызматкерлер «электр энергиясын уурдагансың» деп Оштун Ноокат районунун тургунунан 283 миң сом пара талап кылышкан.
Алар «Ошэлектр» ишканасынын текшерүү жана көзөмөлдөө бөлүмүнүн инспектору П.А. менен Ноокат РЭСтин жооптуу кызматкери С.М. экөө суралган суммадан 50 миң сомун алып жатканга колго түштү.
Аларга карата «мыйзамсыз сый акы алуу» беренеси менен иш козголду. Тергөө жүрүп жатат.
Оставьте первый комментарий