
Коопсуз шаар долбоорун ишке киргизүү менен видео байкоо орнотулган жерлерде жол кырсыктары дээрлик 50 пайызга азайды. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.
Президент өлкө боюнча кошумча 300дөн ашуун видео байкоо аппараттык комплекстер орнотулаарын, жылдын аягына чейин милициянын кайгуул кызматы бардык аймактарда ишин баштай турганын билдирди.
Өкмөт кырсыктарды алдын алуу, жол эрежелеринин сактоо максатында «Коопсуз шаар» долбоорун 2019-жылдын февраль айында Бишкек шаарында жана Чүй облусунда ишке киргизген.
«Коопсуз шаардын» алгачкы жыйынтыктары катары – февраль айынан бери, жол кырсыктарынын саны Бишкекте 3,4%, Чүй облусунда 3,8% жана каза болгондордун саны борбордо – 68,8%, ал эми Чүйдө 37%га кыскарганын көрсөткөн.
Оставьте первый комментарий