Жылына 6500 доллар. Ош пансионаты чет элдик студенттердин жатагына айланды

Кесиптик кошуундун Ош шаарында жайгашкан пансионатына эс алуучулар келбей, жетекчилик имаратты чет өлкөлүк студенттерге ижарага берип койгон. 

Азыр мында Кыргызстанда билим алып жаткан индиялык жана өзбекстандык студенттер жашайт. Бир нече күн мурун өзбек бийлиги Оштогу студенттерди массалык түрдө чакыртып алгандан кийин азыр 3-4 гана студент калган. Алардын түшүндүрүшүнчө, ар бир бөлмөдө 3 адам жашап, жылына 6 500 доллар (болжолдуу 455 миң сом) төлөшөт.

Элбек Шарафудинов Ош пансионатын иштетип жаткан ишкерлердин бири. Ал эс алуу жайдын имараттарын 3 адам ижарага берип иштете турганын билдирди. Шарафудинов пансионат жетекчиси менен келишим мыйзамдуу экенин, бирок келишимди жана чет элдик студенттердин төлөп жаткан суммасын көрсөтө албастыгын айтат.

«Сентябрдан бери ижарага алып иштетип жатам. Эс алуучу жайдын администрациясы менен бир жылдык келишим түзүлгөн».

 

Ош пансионатынын директорунун орун басары Абдибали Эмиловдун айтымында, мурда бул жерде Кыргызстандын булуң-бурчунан дарыгер, окутуучу, куруучу, мугалимдер жолдомонун негизинде эс алып кетишчү. Имараттар начар абалга келген үчүн, былтыртан бери эч бир эс алуучу келбей койгон. Ошондуктан жетекчилик ижарага берүүгө мажбур болгон.

» Жалпы алты имарат бар. Аны 108 миң сомго ижарага бергенбиз. Имаратты жөн эле коюп коёлубу? Мисалы, былтыр эс алуучулар таптакыр келбеди. Жетекчилик менен сүйлөшүп, ижарага берүүнү макул көргөнбүз. Азыр жылына 100 миң сом түшүп атат. Түшкөн акча менен салык төлөп атабыз, кароолдорго айлык берип атабыз.  Ижарачылар жеке ишкерлер. Алар бир сыйра оңдоп-түзөп чыгышты. Азыр бир корпуста 20га жакын студент жашап жатат окшойт».

Аянты 20 гектарга жеткен пансионат учурда өзүн-өзү каржылай албай калган абалда турат.

Автор Т-медиа 11434 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*