
2020-жылдын февралынын ортосунда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында борбор калаадан баңгилик топтун уюштуруучусу кармалып, андан Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагына киргизилип, андан ары сатууга арналган 2 кг 150 гр. салмактагы “гашиш” баңги каражаты табылып алынган.
«Кармалган баңгилик топтун уюштуруучусу 1971-жылы туулган жаран кармалган. Мындан аркы атайын тергөө аракеттеринин жүрүшүндө баңгилик топтун башка жигердүү мүчөлөрү кармалган. Шектүү 1972-ж.т. И.К. жана 1992-ж.т. Н.у Ж. аттуу жарандардын үйүнө тинтүү жүргүзүү учурунда 1 кг 300 гр салмактагы “гашиш” баңги каражаты табылган.Мыйзамсыз жүгүртүүдөн алынган баңги каражаттардын жалпы салмагы 3кг 450 граммды түзгөн», — деп айтылат маалыматта.
Учурда ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Оставьте первый комментарий