Оштогу 87 гектар жердин талашы. Соттун чечими чыкты

Оштун Озгур айылынын тургундары сотто 87 гектар жердин талашы боюнча эки ишкананы утту. Мындай чечимди бүгүн 25-февралда Ош облустук соту кабыл алды. 

Үч жылдан ашуун соттук териштирүүнүн жыйынтыгында Ош облустук соту тургундардын арызын канааттандырды.

Буга чейин жергиликтүү тургундар менен жеке эки ишкананын ортосунда 87 гектар жер талашка түшкөнү Жогорку Кеңеште айтылган болчу. Маселе Кара-Суу районунун прокуратурасы тарабынан келтирилген аппеляцилык арыздын негизинде 7-февралда Ош облустук сотунда каралган.

Озгурлуктардын айтымында, талашка түшкөн жер үлүштөрдү алар 1994-жылы өкмөттөн алышкан. Мында 100 гектарга жакын кайракы жерлер бар. Ал тилкелер союз кезинде “Туштүк суу курулуш” ЖЧКсынын жеке дыйканчылык жери болгон. Союз тараганда ишкана да жоюлуп, анын жеке дыйканчылык жери өкмөткө өткөн.

Айылдагы айыл чарба бирикмесинин жетекчиси Эмилбек Эргешов айтымында караганда, 2016-жылы Кара-Суу райондук мамкаттоо башкармалыгы элдин үлүш жеринен 126 гектар жана 80 гектар жерге эки мамлекеттик акт берген. 126 гектар жерге берилген мамлекеттик актыны эки жыл мурда Жогорку сот жокко чыгарган. Калган 80 гектар жердин талашы ушу күнгө чейин бүтпөй келген болчу.

“Түштүк суу курулуш” ЖЧКсынын өкүлү Нурмухаммед Ибрагимов болсо талаш жердин тарыхын башкача тушүндүрдү. Ал белгилегендей, ишкана союз тараганы менен жоюлган эмес жана анын 61% акциясын мамлекеттик мүлк фондунан Рустам Сулайманов сатып алган. Акционер сатып алган учурда ага караштуу бардык мүлк жана жер аянттары кошо сатылып алынган.

«Биринчиден Кара-Суу райондук сотуна азыркы Шарк айыл өкмөтүнүн (мурдагы Калинин) жалпы чогулушунунун документин бергенбиз.  Анда 2290 адам жер «Түштүк суу курулуш» акционердик коомуна берилсин деп кол коюп берген. Мындан сырткары Кара-Суу райондук жана облустук аткаруу комитетинин токтому бар. Бул токтомдор бир да жерде соттон чыгарылган эмес. Мына ошондуктан соттун биринчи истанциясы чечимди туура чыгарган. Экинчисинде ортодо кандайдыр бир себептер менен сот туура эмес чечим чыгарды. Бирок ошонун баарын Жогоорку Сот кайрадан оңдоп, Ош облустук сотунун чечимин жокко чыгарып, кайра кайтарды»,- дейт Ибрагимов.

“Түштүк суу курулуш” ЖЧКсынын өкүлү Нурмухаммед Ибрагимов болсо талаш жердин тарыхын башкача тушүндүрүп келет. Ал ишкана союз тараганы менен жоюлган эмес жана анын 61% акциясын мамлекеттик мүлк фондунан Рустам Сулайманов сатып алганын айтат. Акционер сатып алган учурда ага караштуу бардык мүлк жана жер аянттары кошо сатылып алынган.

«Түштүксуукурулуш» акционердик коому менен Озгур айылынын тургундарынын жер талашы боюнча соттук териштирүү 2017-жылдын февраль айында башталган.

Автор Т-медиа 11883 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*