
21-февралда Жалал-Абад облусунун Сузак районунда бажы төлөмдөрүн төлөөдөн баш тартып, автоунаанын чыккан жылын өзгөрткөн жаран аныкталды.
Мамлекеттик бажы кызматынан кабарлагандай, “Хонда-Джаз” үлгүсүндөгү автоунаа Кыргызстанга “И.М.Х.” аттуу жарандын дарегине ташып киргизилип, 37 804 сом суммасында бажы төлөмдөрү төлөнгөн.
БКОнун 6.5 графасында жогоруда аталган транспорт каражаты 2008-жылы чыккан деп көрсөтүлгөн. Бирок “Эксперт-Юг” Мамлекеттик эмес Соттук-Эксперттик уюмдун адисинин корутундусунда “Хонда-Джаз” үлгүсүндөгү транспорт каражаты 2006-жылы чыкканы аныкталган.
Муну менен ал бажы төлөмдөрүн төлөөдөн баш тарткан. Мамлекетке келтирилген зыяндын алдын ала суммасы 523 389 сомду түзгөн.
Бул фактылар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталды.
Сүрөт интернеттен алынды.
Оставьте первый комментарий