
Мамлекеттик бажы кызматынын Ош облустук башкармалыгынын мурдагы кызматкери, издөөдө жүргөн Эмилбек Кимсанов Орусиянын Санкт-Петербург шаарында кармалып, Кыргызстанга жеткирилди. Бул маалыматты «Азаттыкка» ишенимдүү булактар билдиришти.
Ал эми 24.kg басылмасынын маалыматы боюнча, Эмилбек Кимсановду ИИМдин кызматкерлери 22-февралда Орусиядан кармашкан. Ал эми 23-февралда Кимсанов Кыргызстанга алынып келип, Биринчи май райондук соту тарабынан үй камагына чыгарылган.
«Баш коргоо чарасын тандоо боюнча Башкы прокуратуранын өтүнүчү түшкөн. Ага Эмилбек Кимсановдун кароосунда жашы жете элек балдары бардыгы себеп болгон. Ошондой эле анын өздүгү жана жашаган жери аныкталган», — деп билдирген басылманын булагы.
ИИМдин басма сөз кызматы, бул боюнча маалыматты тактап жатышканын айтып, кийинчерээк билдире тургандыктарын кошумчалашты.
Эмилбек Кимсанов 14-февраль күнү кечинде «Фейсбуктагы» баракчасына спортчу Төлөгөн Рахманберди уулунун видео кайрылуусун жүктөгөн. Кайрылууда Рахманберди уулу Ош шаардык спорт комитетинин башчысы Кылыч Саркарбаев жана Нурбек Раимбеков баштаган топтон запкы көрүп жатканын айткан. Рахманберди уулу «бул тууралуу ооз ачсаң сенин жана Эмилбек Кимсановдун үстүнөн иш козготуп каматабыз» деп коркутушканын билдирген.
ИИМ Төлөгөн Рахманберди уулу менен Эмилбек Кимсановго 2018-жылы Чүй облусунда ИИМдин мурдагы башчысы Молдомуса Конгантиевдин уулу Автандил Конгантиевди токмоктоого байланыштуу шек саналып жатканын билдирип, аларга издөө жарыялаган.
Оставьте первый комментарий