
Сот тармагына былтыркы жылга салыштырмалуу каражат 35 пайызга көп бөлүндү. Бирок жылыш жок. Бул тууралуу депутат Жанар Акаев Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында айтып, тартип комиссиясын сынга алды.
Акаев сот тармагында адилеттүүлүк орноп баштаганын коом сезе электигин, президент коопсуздук кеңешинде сынга алган сотторду тартип комиссиясы сөгүш гана берип койгонуна нааразы болду.
«Президент коопсуздук кеңешинде абдан таң калып айтты. «Алмаматовду кантип бошотуп жибердиңер ошондой соттор бизде кантип иштеп жатат?» деп. Силер президенттин сөзүн чымын чаккандай да көргөн жоксуңар. Президент чоң жыйында айткан сөздү силер тартип комиссиясы сөгүш гана берип койдуңар. Бул сот тармагы тууралуу бул бир эле мисал. Башка сөз жок. Реформа кылып, өнүгөлү, өсөлү деген ой жок»,-деди Жанар Акаев.
Ошондой эле президенттин аппараты конституциялык палатага суyнуштаган талапкерлери татыксыз экенин кошумчалады.
Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы бөлүм башчысы Насирбек Алмаматов коррупция үчүн шектүү катары 2018-жылдын 2-ноябрында кармалган. Бишкектин Октябрь райондук соту 2019-жылы 25-мартта аны 12,5 жылга эркинен ажыраткан. Бишкек шаардык соту кийин өкүмдү жокко чыгарып, ага 3 миллион 300 миң сом айып пул салуу менен эркиндикке чыгарганы белгилүү болгон.
Аны абактан чыгарган Бишкек шаардык сотунун судьяларына 7-февралда сөгүш берилди.
Оставьте первый комментарий