Делидеги тополоңдо 23 киши каза болду

Индияда массалык тополоңдо каза тапкандардын саны жыйырма үчкө жетти. Жарадар болгондор 150дөн ашык. Анын ичинде жабыркаган балдар да бар.

Эн-ди-ти-ви телеканалы билдирген маалыматка караганда, шаршембиге караган түнү премьер-министрдин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Аджит Довал Делидеги кагылышуулар болуп жаткан районго келип, чукул кеңешме өткөрдү.

Баш калаанын полициясы шаарга аскер киргизүү сунушун кабыл алган жок, тополоңду басканга өзүнүн күчү жетерин билдирген.

Бирок бир катар ММКлар эгерде кырдаал оңолбосо, Делиге аскерлерди киргизүү керек деп жатышат.

Индиянын баш калаасындагы тополоң дүйшөмбүдө жарандык жөнүндөгү мыйзамды жактаган жана ага каршы болгон радикалдуу маанайдагы жаштардын ортосунда дүрт этти.

Алар бири-бирине таш жаадырып, союлдар менен сабашып, бетме-бет кармашып мушташып, кээ бир жерде полиция менен дагы кагылышып кетти.

Ок атылган учурлар да болгону айтылууда. Тополоң маалында бир нече автоунаа, дүкөн жана имараттар, бир май бекет өрттөлдү.

Индиядагы жарандык жөнүндөгү жаңы мыйзам боюнча индиялык жарандыкты берүүдө жеңилдик Түштүк Азиядагы Пакистан, Афганистан жана Бангладештеги мусулман эместер үчүн гана каралган. Атап айтканда, индуизм, сикхизм, джайнизм, буддизмди тутунгандар жана христиандар жөнүндө гана сөз болуп жатат. Жаңы өзгөртүүлөр Непал, Шри-Ланка жана мусулмандарга тийиштүү эмес.

Тополоң маалында бир нече автоунаа, дүкөн жана имараттар, бир май бекет өрттөлдү

Так ушул себептүү индиялык мусулмандар жарандык жөнүндөгү жаңы мыйзам диний жагынан мусулмандарды басмырлап жатканын, анын теңчиликти кепилдеген Баш мыйзамга каршы келерин билдирип, каршы чыгып жатышат. Каршы болгондор декабрь айынан бери бүт өлкө боюнча каршылык акцияларын өткөрүүдө.

Кээ бир учурда бул акциялар тополоңго айланып, кан төгүлгөн учурлар болууда.

Булак: Би-Би-Си

Автор Т-медиа 12144 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*