Кыргызстан 40 пайыздан ашык тамак-ашты сырттан импорттоп алат

Кыргызстан 2019-жылы 597 миллион долларлык товарды импорттоп алган. Башкача айтканда 40 пайыздан ашык тамак-ашты сырттан келген. 

Бул тууралуу айыл чарба жана мелорация министри Эркинбек Чодуев ЖК жалпы жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып айтты. Эл өкүлү Иса Өмүркулов импорттун көлөмү 40 пайыздан да көп экенин айтып, короновируска байланыштуу тамак-аш тартыш болоорун белгиледи.

«Тилекке каршы бир нерсе өзгөргөн жок. Бүгүн жер жөнүндө гектарды, картошканы айтып жатасыз. Бул силердин ишиңер эмес. Силердин иш саясат иштеп чыгуу. Айыл чарба боюнча мамлекеттин саясатын алып бара турган силерсиздер. Биринчи орунда мамлекеттин тамак аш коопсуздугу болушу керек. Ушуга байланыштуу канча пайыз тамак-ашты импорттойбуз»,-деди Иса Өмүркулов.

Өмүркулов, айыл чарбага байланыштуу ар бир багыт боюнча программа болушу керектигин айтты. Ал эми министр Эркинбек Чодуев бул тармакта абал оор экенин моюнга алып жыйынтык болоорун кошумчалады.

Автор Т-медиа 12144 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*