Иранда мурдагы элчи коронавирустан көз жумду

Ирандын Ватикан жана Египеттеги мурдагы элчиси Хади Хосроушахи коронавирустан каза болду. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

IRNA басылмасынын маалыматына караганда, мурдагы элчи жакында эле Тегерандагы ооруканалардын бирине жаткырылган. Коронавирусту ал Кума шаарынан жуктуруп алганы айтылууда. Дипломат кечээ 27-февраль бейшемби күнү үзүлгөн.

Акыркы билдирмелер боюнча, Иранда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 245ке жетти.

Буга чейин аталган өлкөнүн саламаттык сактоо министринин орун басары Ирадж Харирчи коронавирус жуктуруп алганы кабарланган.

Автор Т-медиа 12144 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*