Жалал-Абадда УКТ мүчөсү кармалды

Жалал-Абад шаарында уюшкан кылмыштуу топтун 24 жаштагы мүчөсү кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.

Облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматы боюнча аталган жарандын үстүнөн шаардагы ишкерлерден арыз түшкөн.

«Күрөөканаларды иштеткен ишкерлердин ишеничине кирип, акча алып, ушул
күнгө чейин алдап бербей жүргөн. Алардын арызы КЖБРне Жазык кодексинин 204-беренеси (алдамчылык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылды. Өндүрүш ишинин алкагында жабырлануучулар шектүүдөн акчаны берүүнү талап кылып, байланышкан учурда ал өзүнүн уюшулган кылмыштуу топтун мүчөсүнөн экендигин билдирип, коркутканга чейин баргандыгы аныкталган«,- деп айтылат маалыматта.

Мурда бир нече жолу соттолгон, М.А. аттуу шектүү 28-февраль күнү кармалып, тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилген.
Милиция аны таанып, жабыр тарткандар болсо  (0776) 03-63-28 номерине кайрылса боло турганын айтты.

 

Автор Т-медиа 12144 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*