Өзгөндө коронавирус катталдыбы? Министрликтин жообу

Саламаттык сактоо министрлиги «Оштун Өзгөн районунда коронавирус катталды» деген билдирүүлөрдү четке какты. Бул калп маалымат. Азыркы учурда Кыргызстандын аймагында коронавирус менен жабыркагандар жок.  Бул тууралуу аталган министрлик маалымат таратты.

Кечээ 28-февралда Кара-Суу районундагы «Достук» көзөмөл өткөрмө бекетинен Түштүк Кореядан Өзбекстан аркылуу Кыргызстандын бир, Орусиянын эки жараны өткөн. Алар тиешелүү медициналык кароодон өтүп, бирок коронавирустун белгилери аныкталган эмес. Мындан улам, whatsApp мессенджеринде тарап жаткан аудио билдирүүлөрдүн баары чындыкка дал келбейт.

                                                      Коронавирус тууралуу

Кытай 2019-жылдын 31-декабрында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна (ДСУ) өлкөнүн борбордук бөлүгү Ухань шаарында белгисиз пневмония оорусу күч алганын билдирген. Адистер оорунун козгогучу коронавирус nCoV 2019 экенин аныктап, эл аралык деңгээлдеги өзгөчө кырдаал деп жарыялаган. Кийин аталышы COVID-19 деп өзгөртүлгөн.

Кыргызстан Кытай менен менен чектешкен чек арасын жаап, аба каттамын токтоткон.

28-февралда өлкөдө коронавирус жайылып жаткан Кытайдын, Ирандын, Италиянын, Жапониянын жана Түштүк Кореянын жарандарынын өлкөгө келишине убактылуу чектөө киргизди.

Автор Т-медиа 12144 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*