Сиздин балаңыз бакчада кандай тамактанышы керек? Инфографика

Ошто жалпы мамлекеттик 41 бала бакча бар. Аларга 2019 — жылы өлкө казынасынан 142 944 300 сом, жергиликтүү бюджеттен 101 823 100 сом бөлүнгөн.

Биздин «Жарандык көзөмөл» берүүбүздүн чыгарылышынан кийин интернетте катуу талкуу жараткан  «Мөл-Булак» бакчасынын мисалында балдардын тамактануусун көрсөтүп беребиз.

Өткөн жылы аталган бакчага жергиликтүү бюджеттен 1 343 773 сом тамак-аш үчүн бөлүнгөн. Ата-энелер да тамак-аш үчүн ай сайын 500 сомдон берет.

Бул акчаны бакчанын жетекчилиги бадардын тамак-ашына коротушу керек. Норма боюнча мамлекеттик бакчаларда балага азыктын 42 түрү берилиши шарт. Мисалы : эт азыктары, майлар, сүт азыктары, мөмө-жемиштер жана кондитердик азыктар. Ал эми бул азыктар кандай өлчөмдө берилиши керек? Төмөнкү шилтемеден таанышыңыз.

Ошондо «Мөл-Булак» балдар бакчасында 526 бала болсо, күндө тамака кошулуучу эттин салмагы 15 кг 780 грамм болушу керек эле. Бирок чындыгында бул бакчада норматив сакталган эмес.

 

 

Автор Даяна Данияр кызы 47 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*