Ош мэриясы: «Биримдик» партиясы бош турган имаратта ижарада турат

Социалдык тармакта бийликтин партиясы аталган «Биримдиктин» Ош шаарындагы штабы санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун мурдагы имаратында жайгашканы тууралуу маалымат тарап жатат. Жергиликтүү журналист Арген Нуровдун «Фейсбукка» жазган постундагы маалыматка караганда, ал жерден калаадагы бир канча ЖОЖдордун, муниципалдык башкармалыктардын жетекчилерин да көрүүгө болот. Автор «Бул жолку шайлоодо да админстративдик ресурс колдонулабы?» деп суроо салган.

Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун мурдагы имараты Ош мэриясынын балансына карайт. «Т-Медиа» муниципалитеттин басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров менен байланышканыбызда, имарата учурда бош тургандыктан, аны «Биримдик» партиясына ижарага беришкенин билдирди. Бирок Абсаттаров партияга бош турган имарат канча мөөнөткө, кандай келишимдин негизинде жана канча суммага ижарага берилгенин ачыктаган жок.

Ал эми санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун жетекчисинин орун басары Өмүрзак Мурзалиев, алар 10 ай мурда шаардык кеңештин жана мэриянын чечими менен башка имаратка көчүшкөнүн  белгиледи. Ага шарттын жоктугу, имартаттын тардыгы себеп болгон.

Биздин редакция  материал чыгардан алдын «Биримдик» партиясы менен байланышып, бирок жооп ала алган жок.

Эске салсак, Ош шаардык кеңешине шайлоо 12-апрелде өтөт. Ага 9 партия катышууда. Алар: «Мекеним Кыргызстан», «Өнүгүү-Прогресс», «Биримдик», «Кыргызстан», «Улуу Журт», КЛДП, «Эмгек», «Бирик», «Бир Бол» партиялары.

Автор Т-медиа 11133 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*