Тажикстандыктар Лейлектеги дүкөндөрдөн азык-түлүк сатып кетүүдө

Тажикстандыктар чек аралаш жайгашкан Лейлек районунун Жаңы-Жер аймагындагы дүкөндөрдөн азык-түлүк сатып кетүүдө. Бул көрүнүш кечээ 5-март күнү түштөн кийин байкала баштаган. Бул тууралуу Т-Медиага жергиликтүү тургундар билдиришти.

Алардын айтымында, коңшу өлкөнүн жарандары Лейлектеги дүкөндөрдөн азык сатып кетүүнү улантышса, баанын өсүшү менен тартыштык жаралышы мүмкүн.

Жаңы-Жер айылдык кеңешинин депутаты Кенжебек Салимбеков «Т-Медиага» бул маалыматты тастыктады. Анын айтымында тажикстандыктар дүкөндөрдөн негизинен ун, май жана макарон азыктарын сатып алышкан.

«Кечээ түштөн кийин келе башташыптыр. Жаңы-Жер айыл өкмөтүндө жалпы болжолдуу 15тей дүкөн бар. Тажикстандыктардын кирип, азык-түлүктөрдү сатып кетип жатканын көргөн эл, бир аз кооптонушкан. Азыр биз айылдык кеңеш депутаттары, айыл өкмөт, аким болуп жыйналыш өткөрүп жатабыз», — деди айылдык кеңештин депутаты.

Ал эми Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн башчысы Исманали Раимбердиев, бүгүн элдин азык-түлүк кымбаттайт деген дүрбөлөңүнөн соң, район акими Баймурат Бекмуратов келип, жыйын өткөрүп жатышканын кошумчалады:

«Эл бир аз дүрбөлөңгө түшүптүр. Бүгүн район акими келип азык-түлүк коопсуздугу боюнча жыйын өткөрүп жатабыз. Штаб түзөбүз. Магазин ээлерине да түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Баары көзөмөлдөнөт. Баа көтөрүлбөйт»

Ал эми атын атагысы келбеген тургундардын билдиришинче, учурда коңшу өлкөнүн жарандарынын массалык кирип азык алып кетүүсүнөн улам, ишкерлер Оштон оор жүк ташуучу унаалар менен ун, май азыктарын ташып келип алышкан.

Бүгүн Азаттык Тажикстанда эки күндөн бери коронавируска байланыштуу айың кептерден улам базарларда болуп көрбөгөндөй дүрбөлөң өкүм сүргөнүн жазып чыккан. Эң керектүү азык-түлүктөргө суроо-талап жогорулагандыктан, баа дээрлик эки эсеге кымбаттаган.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Шодихон Жамшед 5-мартта материалдык резервде эки жылга жеткендей азык-түлүк запасы бар экенин маалымдаган.

Бирок бейшемби күнү эртең менен соода түйүндөрүндө ун жана башка азык-түлүктөргө кезекке турган учурлар катталды. Бири-бирин түртүшкөн элдин көптүгүнөн милиция кызматкерлери коомдук коопсуздук чараларын күчөткөн.

Бул арада Тажикстан Ислам борборунун Уламалар кеңеши жаназадан башка учурда жапырт намаз окууну токтото туруу боюнча кайрылуу жасады. Өлкөдө Нооруз майрамына карата өтө турган салттуу жүрүштөргө тыюу салды.

Акыркы маалымат боюнча Кытайдан тышкары 70 өлкөдө катталган коронавирус дээрлик 80 миң адамга жугуп, 3 миңден ашуун адам каза болуп, 52 миңдейи айыгып чыкты.

 

 

 

Автор Т-медиа 11133 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*