
Бишкектеги мечиттердин биринде коронавирусту алдын алуу максатында түлөө өткөрүлдү. Муфтияттын басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, түлөө кыргызстандыктардын ар кандай кырсыктан, оорудан оолак сактоо үчүн уюштурулган.
Анда 2 бодо мал союлуп, анын эти кары-картаңдарга, жетим-жесирлерге, жардамга муктаж үй-бүлөлөргө, жергиликтүү жамаатка бөлүнүп берилди. Иш-чарага муфтий Максатбек ажы Токтомушев, Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Молдо Сабыр Досбол уулу, Бишкек шаарынын казысы Садридин ажы Маджитов жана аксакалдар, жергиликтүү жамаат катышты.
Мындай түлөө эми өлкөнүн башка аймагында дагы улантылат.
Саламаттыкты сактоо министрлиги бүгүнкү күнү Кыргызстанда коронавируска чалдыккандар катталган жок экенин билдирди.
Оставьте первый комментарий