Дастан Бекешов депутаттардын чет өлкөгө иш сапарын токтотууну сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов бүгүн, 11-мартта парламенттин жалпы жыйынында депутаттардын чет өлкөлөргө болгон сапарын токтотуп турууну сунуштады. Ал Кыргызстандан чыгып, кайра келген ар бир депутат эки жума же бир ай карантинге алынышы керек деп эсептейт.

«Коронавирус 100дөн ашык мамлекеттерде катталып жатат. Франция, Испания жана Иран депутаттары бири-бирине жугузуп жүрүшөт. Ошого карабастан бизде кээ бир депутаттар иш сапарга чыгып жатышат. Сиз тыюуну салбайсызбы (ред- Жогорку Кеңештин спикери Дастан Жумабековго айтып жатат)? Айрымдары Германияда жүрүшөт. Ал жакта 1000ден ашык киши коронавирус менен ооруп атат. Жогорку Кеңешке экскурсияны биз бул жактан токтоттук. Келгиле, иш сапарды да токтотолучу! Кеткендер мейли, келгендер сөзсүз карантинге алынсын. Буйрукту чыгарыңыз. Азыр дүйнөдө көпчүлүк парламенттер ушундай кылып жатышат», -деди Бекешов.

Спикер Дастан Жумабеков депутаттын суроосуна жооп берип жатып, коронавирус илдетине байланыштуу Жогорку Кеңешке сырттан келгендерди киргизүү убактылуу токтотулганын билдирди.

«Жогорку Кеңешке чектөө киргизип жатабыз. Мурда сырттан келген конокторду, айылдык кеңештердин депутаттарын, мектеп окуучуларын, студенттерди кабыл алчубуз, иш-чараларды өткүрчүбүз. Мунун баарын убактылуу токтоттук. Сыртка чыгуу боюнча, эгер ал сапар Жогорку Кеңеш аркылуу болсо, биз токтотууга депуттар менен сүйлөшүп жатабыз. Ал эми өз демилгеси менен же башка мамлекеттик эмес уюмдар менен чыгып жаткандардын өз иш-чаралары бар экен, ошонун негизинде чыгып кетип атат. Бирок аларга да эскертүү беребиз», -деди ал.

Акыркы маалыматтар боюнча дүйнөдө коронавирустан каза болгондордун саны 4 миң 284 адамды түздү. Жалпысынан ооруну жуктуруп алгандардын саны 119 миңден ашты. Бир эле суткада бейтаптардын катарына 5 миң адам кошулду. Ошол эле учурда дээрлик 66 миң адам айыккан.

Вирус Кытайдан башка 114 өлкөгө тарады. Бул жактарда 38 миңден ашык адам ооруну жуктурган. Көбү Италияда (10 миңден ашты). Кийин Иранда (8 миңден ашык). Төртүнчү орунда Түштүк Корея (8 миңге чукул). Франция, Германия, Испания өлкөлөрүнүн ар биринде бейтаптардын саны 2 миңге жакындап калды.

Автор Т-медиа 11888 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*