ВИЧке байланган балалык-үзүлбөгөн үмүт...
Жашоомдогу эң бактылуу көз ирмемдер!
Мен 1984-жылы төрөлгөнмүн. Ата-энем бар, жакшы үй-бүлөөнүн кызымын десем болот. Жашым жетип, 2004-жылы той берип, күйөөм экөөбүз тең бири-бирибизди сүйүп баш коштук.
Жашообуз өз нугунда уланып жатты...
2005-жылы кыздуу болдук. Кызым 4 килограммдан ашык төрөлдү. Ден-соолугу да жакшы. Тун кызыбыз төрөлүп, мурдагыдан да бактылуу элек. Күйөөм экөөбүздүн тең билимибиз жок болгондуктан эч жерде иштечү эмеспиз. Кайнене, кайнатамдын кызматын кылып, үлүш жерде дыйканчылык менен алектенип, жер чаап ынтымакта гана жашап жүрдүк. Эмчекте кызым болгондуктан, боюмдагы баламды алдырып салууга туура келди. Анын үстүнө үй-жайыбыз жок, көпчүлүк болуп жашайт элек. Шартыбыз туура келбеди. Бир аз байып, бутубузга туралы деп ойлоп, боюмдан алдыруу чечимине келдик.
Кайрадан боюма бүтүп калды
Ал мезгилде жаш элек. Боюма бүткөн учурда тиш доктурга барган элем. Доктурга барганымда он чакты тишимди алдырышым керек болду. Тиштерим аябай жаман экен. Тазалаттым, алдырганын алдырдым. Кийин боюмдагы бала УЗИден уул экенин билип, төрөп алайын дедим. 2007-жылы күз айларында уулду болдук.
Жолдошум Москвага кетти

Экинчи балам төрөлгөндөн кийин күйөөм экөөбүз кеңешип, Россияга барып иштеп келели деп чечтик. Колумдагы ымыркайым кичине болгондугуна байланыштуу алгач күйөөмдү жөнөттүм. Уулум 5 айлык болгондо мен да күйөөмдүн артынан Москвага бардым. Уулум менен кызымды кайнежеме таштадык. Экөөлөп иштебесек өзүбүздүн үйүбүз жок болчу. Кайнатамдын үйүндө көпчүлүк болуп жашачу элек. Эртерээк үй-жай кылып, бөлүнүп чыгалы деп иштегени кеттик.

Баламдан ВИЧ инфекциясы табылыптыр
Баламды туугандарым карап жүрүштү. Ал бир аз ооруп жүргөн экен. Бир жашында Оштон текшерүүдөн өткөндө баламдан ВИЧ инфекциясы чыгыптыр. Бирок бизди кыжаалат болот дешип айтышкан эмес. Күйөөм экөөбүз ал үчкө чыкканда гана билдик.
Мен Москвадан келдим
Москвадан келгенимден кийин мени дагы текшерилишиң керек дешти. Менде эч кандай күмөн саноо болгон жок. Канымдан ВИЧ инфекциясы табылат деп ойлогон да эмесмин. Ошко барып текшерилгенимде менден да ВИЧ инфекциясы табылып калды. Ошол күндөн тартып менин жашоом караңгы түнгө айланды.
Күйөөм менден жүзүн бура баштады. Сен өзүң күнөөлү экенсиң, врачтар айтты. Балага дагы сенден жугуптур деп кол көтөрүп, тепкилеп урду. Сен менен жашамак бул жакта турсун, тиктегим келбейт, жийиркенем деп мага талак берди. Үй-жай, эч нерсе сага тийешелүү эмес. Сенде ВИЧ инфекциясы бар, ВИЧ балаң менен чыгып кет. Кызымды калтырып кой. Эгер сотко барсаң, мен сенин абириңди кетирип, уят кылам. Баардык элге ВИЧ экениңди жаям. Өзүң башка бирөө менен жүрүп кеткенсиң деп мага күнөөнү коюп туруп алды. Анан абысындарыма, кошунаналарыма уят болбоюн деп чыгып кеттим.
Оорумду эч кимге айткан жокмун
ВИЧ экенимди бир туугандарым дагы билчү эмес, адамдардын баарына туура маалымат бере албайт экенсиң. Муну бир гана доктурлар эле туура түшүнүшөт.
Ага чейин аябай кыйынчылык көрдүк. Баламдын оорусун билген бир тууган абысынымдын мамилеси бизге таптакыр өзгөрдү. Элхандын (аты өзгөртүлдү) оорусу жугат деп балдары менен ойнотушпай, көп уруш чыкчу. Өзүм азыр ВИЧ инфекциясы менен гепатит, эки вирусту алып жүрөм. Жогорку билимим жок. Болбосо кызым менен баламды өзүм карамакмын. Учурда өзүмдүн гана жаным менен алекмин. Балам менен кызым бир тууган кайнэжемдин колунда. Ал жакшы карайт.
Кыргызстанда ВИЧ инфекциясын алып жүргөндөрдүн жаш өзгөчөлүгүнө карата саны
Балама 10 жашында оорусу тууралуу айттык
Элхан 15-16га чыкканда оорусу тууралуу түшүндүрөм
Менин оюмча ВИЧ менен ооруган бала менен жашаган үй-бүлөгө да ачык маалымат берип, түшүндүрүү иштерин жүргүзүш керек. Биз дагы деле витаминди ичип ал деп айтабыз. Баламдан улуу эжеси бар. Ага баарын үйрөтүп койгонмун. Убакты сааты болгондо дарысын берип турат.

Кээ бир учурда балам "мама эмнеге мен дары ичем?" деп сурап калат. Мен балам сенде вирус бар, муну эч кимге айтпашың керек., эгер ооруйм десең оорукчан экенсиң деп шылдыңдап, сени түшүнбөшү мүмкүн деп акырын түшүндүрө баштадым. Балам чоңойгондо 15-16ге чыкканда баарын ачык айтам. Азырынча аз-аздан гана түшүнө баштады.

Баламдын дары ичүү убактысы болуп калганда дары ичип ал деп чакырсам, мени жаман көрө баштады. Ошого мүнөзүнө жараша эркелетип чакырам. Бирок барган сайын эркелеткеним да жакпай баратат. Сиз мени досторумдун көзүнчө эркелетпеңиз деп айтат. Анан мени витамин ич деп чакырбаңыз, мен өзүм барам дейт. Бул азыр жакшы түшүнбөй атат да. Азыр сенин ичиңдеги офицерлер сени ата баштайт. Ошондуктан, сен дайыма дарыңды ичип турбасаң, алар сени жеңип алышат. Анан сен чоң бала болбой каласың, арык бала болуп каласың деп түшүндүрөм. Аа, деп угат да, кайра эле балдардын көзүнчө мени чакырба дейт.
Баламдын статусун ачыктоо оор
"Элхан таза кызды жакшы көрүп калдым десе эмне кылам?..."
Ушундай убакытта ар тараптуу колдоо керек болот. Кайын журтум баламды жакшы карап колдойт. Бирок менин, атасынын тарбиясы маанилүү да. Күйөөм балабыз экөөбүздү туура түшүнүп, колдосо болот эле да. Бирок ал бизди көргүсү да келбейт. Бизде ВИЧ инфекциясы менен жашаган аялдар жакындарынын эле басмырлоосунан көп жабыркашат. Үй-бүлө курганда баардык нерсеге даяр болуш керек да. Жакшы күндө, башыңа иш түшкөндө бири-бириңди колдоо аябай керек экен. Бизде акча табып, дениң сак болуп турганда гана күйөөгө керек окшойсуң деп ойлойм. Бирок мен жашоомо эч нааразы болуп, мүңкүрөп отуруп калгым келбейт. Ата-энем жанымда, кызым бой жетип мени сыйлайт. Баламдын келечеги алдыда. Баары жакшы болушуна ишенем. Кызым менен баламдын жакшы күндөрүн көргүм келет. Ошондуктан ар бир күнүмдү жакшы ой, кыялдар менен өткөрөм!
Көпчүлүк учурда ВИЧ инфекциясы бар аялдар төмөндөгүчө көйгөйлөр менен кайрылышат:

- Өзүнө-өзү болгон баалоосу төмөн болгондугуна байланыштуу көйгөйлөр;
- Коомчулуктагы ВИЧ инфекциясы бар аялдарга болгон мамилелерге байланышкан көйгөйлөр;
- ВИЧ ифнекциянын бардыгына байланышкан чектөөлөр (мис: каалаган кесибине иштей албоо, өзү каалаган кесипке ээ боло албоо, каалаган өнөктөшү менен мамиле кура албоо ж.б.у.с.);
- Бир статустагы адамдар менен карым-катнаштын аздыгы же жоктугу;
- Материалдык жактан чектөөлөргө байланышкан көйгөйлөр;
- Өнөктөшү менен болгон секс маселесиндеги көйгөйлөр.
Кыскача айтканда, жогоруда айтылып өткөн көйгөйлөр биригип келип, адамдын айрыкча аял кишинин психологиялык жардамга муктаж жана бул нерсе өтө маанилүү экендигин билдирет.

Жылдыз Асаева
психолог-сексолог
"Өспүрүмгө психологиялык колдоо көрсөтүү жакшы жыйынтык берет"
л эми, канында ВИЧ инфекциясы бар жаш өспүрүмдөр өзүнүн статусу жөнүндө билгенде жана анын маанисине түшүнүп жеткен учурда суицидге кадам койгон учурлар көп кездешет. Бул нерсе "Эмнеге мен?", "Эмне үчүн?", "Эмнеге ушул тапта?", "Ким күнөөлүү?" деген суроолор менен коштолуп, жооп издөөнүн негизинде келет".

"Бул учурда, өспүрүмгө психологиялык колдоо жана туура жол көрсөтүү менен иш жүргүзүлүүсүнүн негизинде суициддин алдын алууга мүмкүнчүлүк пайда болот. Ошол эле учурда жашоого, же болбосо "күнөөлүү" адамдарга болгон жек көрүү сезими менен иштешип, аны орток ойго алып келүү мүмкүнчүлүгү бар".

"ВИЧ инфекциясы бар адамдар, анын ичинде өспүрүм балдар өзүнүн жеке жашоосунда каалаган адамы менен мамиле курууга мүмкүнчүлүгү, укугу жана ресурстары бар. Ошол эле мезгилде жоопкерчилик маселесин эске алуу талап кылынат, тактап айтканда эгерде өспүрүм ВИЧ (-) статусундагы адам менен мамиле куруусунда юридикалык жактан жоопкерчиликтуу {6-статья. ВИЧ/СПИДге чалдыккан (ЛЖВС) адамдардын укуктары жана милдеттери http://cbd.minjust.gov.kg/act/view/ru-ru/1747/40?cl=ky-kg&mode=tekst }"

Психолог: балага статусу тууралуу 12 жашка чейин айтыш керек
"Дүйнөлүк практикада 7 жаштан 12 жашка чейин баланын статусун ачыктоо керек. Анткени бала суроо берип баштайт. Бул дарыны мен эмнеге ичем? Качанкыга чейин ичем? Ичпей койсом болбойбу? Эмне болуп ооруйм? - деген өңдүү суроолорду берет. Ошондуктан ата-энелерге бир аз оорчулук келет. Эмне деп жооп беришти билишпейт. Европа өлкөлөрүндө ата-энелер балдары менен эркин, ачык сүйлөшүшөт. А бизде андай мүмкүнчүлүк жок. Бизде балдарга атайын убакыт бөлүнбөйт. Бирок ошентсе да, 10 жаштан 12 жашка чейин айтыш керек. Эмне себептен 10-12 жаштан баланын статусун айтыш керек? Анткени, ошол жашта бала айтылып жаткан маалыматтарга көңүл буруп, аны түшүнө башташат. Бул дүйнөлүк практикада ишке ашкан. Балдар 10 жашка чейин маалыматты толук түшүнө алышпайт".
Мухаммед Диор
Психолог - ООЦПБС
Даярдагандар:

Журналист
Айжамал Туголбай кызы

Психологдор

Жылдыз Асаева психолог-сексолог

Ахмеджанов Мухамедияр - психолог ООЦПБС

Компьютердик графика

Бактыяр Асылбек уулу