ИИМ: Оштун төрт районунда унду кымбат баада саткандар аныкталды

Ички иштер министрлигинин кызматкерлери Ош облусунун 4 районунда ундун баасын көтөрүп сатып жаткан соодагерлерди аныктады. Кырдаалдан пайдаланып, Кара-Суу районунун эки тургуну 500 кап унду 1600-1700 сомдон саткан. Бул мурунку баасына салыштырмалуу беш жүз сомго кымбат.

Унду жогорку баада саткандар Ноокат жана Алай районунда да аныкталган. Ал эми Өзгөндүн 25 жаштагы тургуну “WhatsApp” аркылуу жергиликтүү базарда унду 2500-3000 сомго чейин сатылып жатканы боюнча туура эмес маалымат тараткан.

Фактылар кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү рээстерине (Монополисттик аракеттер жана атаандаштыкты чектөө) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталды.

Ал эми өлкө боюнча коронавирус жөнүндө жалган маалыматтарды тараткан жана базарларда товарларга болгон бааларды эч себепсиз жогорулатуу боюнча 15 учур аныкталган. Жогорудагыдай фактылар боюнча милиция 102 кызматы аркылуу маалымдап коюуну суранат.

Автор Т-медиа 11933 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*