Ошто жаңыдан каттоого тургандар шайлоого катыша албайт. БШКнын түшүндүрмөсү

Борбордук шайлоо комиссиясынын акыркы билдирүүсү боюнча, Ош шаарына жаңыдан каттого турган 30 миңден ашык жарандын азырынча добуш берүүгө укугу жок. Ошол эле учурда мыйзам боюнча туруктуу каттоосу бар киши добуш берүүгө укугу бар деген жери бар. Анда жаңыдан каттоого тургандар кайсы жүйөөнүн негизинде шайлоого катыша албастыгын түшүндүрүп беребиз.  

Туруктуу каттосу бар жаран шайлоочулардын тизмесине киргенге акысы бар. Бул тууралуу БШКнын төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов TMGнын «Адил сөз» программасында билдирди. Бирок ошол эле учурда мыйзамда жазылган — шаардык кеңештин депутатын шайлоо үчүн ал жаран жергиликтүү жамааттын мүчөсү болушу керек. Мисалы, бүгүн келип эле каттоого туруп шайлоого катышам дегенге болбойт. Тизмеге кирүү үчүн да бир нече негиздер керек, ал өзүнчө жол-жоболор менен таризделет.

Акыркы учурду эле алалы,  шайлоону утурлай Ош шаарына 30 миңден ашык жаран каттоого турду. Бирок алар жергиликтүү жамааттын мүчөсү эмес. Ал үчүн жаңыдан каттоого турган жарандар ошол аймакта салыкты, социалдык төлөмдөрдү төлөп, жамааттын ички жана тышкы маселелерине күйүшү керек.

Расмий маалыматка ылайык, 2020-жылдын 1-январына чейин Ош шаарында жалпысынан 222 миңге чукул адам каттоодо турган — алардын 139 117си шайлоо укугуна ээ. Ал эми жылдын башынан 13-февралга чейин Ошто жаңыдан каттоого тургандардын саны 35 895 адамга жеткен.

12-апрелде Ош, Токмок, Каракол, Майлуу-Суу жана Балыкчы шаарларында шайлоо өтөт. Ош шаарынан кырк беш мандатка 9 партия ат салышууда. Алар: «Бир Бол», «Эмгек», «Мекеним Кыргызстан», «Өнүгүү-Прогресс», «Биримдик», «Кыргызстан», КЛДП, «Улуу Журт» жана «Бирик» саясий партиялары.

Автор Т-медиа 11933 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*